Орусиянын Алтай аймагында жетим балдардын баш калкалоочу жайынын тарбиялануучусу экинчисин зордуктап койгонун жашырган директорго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, тергөө иштеринин алкагында жетим балдар баш калкалоочу жайында жашаган 14 жаштагы өспүрүм бала жанында жашаган 11 жаштагы баланы эки жолу зордуктап койгону аныкталган.
"Өспүрүм жабырлануучуну алгач 2016-жылы сентябрь айында, экинчи жолу 2017-жылы май айында зордуктаган. Бул тууралуу аталган жайдын директору билген, биринчи жолкусунда ал сүйлөшүү менен гана чектелип, тиешелүү мекемелерге кайрылган эмес. Окуя дагы кайталанганда да полицияга билдирбей жашырып койгон. Директор кылмышка шектүү менен жабырлануучуну эки башка бөлмөгө да жаткырган эмес. Учурда өспүрүм жазага тартылды, ал эми директорго козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.