Зеленский Грузиянын экс-президенти Саакашвилиге Украинанын жарандыгын кайтарып берди

Украинанын президенти Володимир Зеленский Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилиге Украинанын жарандыгын кайтарып берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.

Буга чейин Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили президентке жарандыгын кайтарып берүү боюнча кат жазган. Мындан улам президент жарандыгын кайтаруу боюнча буйрукка кол койгон.

Ал эми экс-президент Саакашвили Зеленскийге ыраазычылыгын билдирип, өзүнүн фейсбук баракчасына билдирүү жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан