Бүгүн, 7-июнь күнү туруксуз аба ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-июнь күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турат.
"Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 7-июнь күнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн", - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Адыда эс алуу күндөрү. Эгер жаратылыш коюнунда эс алууну пландап жаткан болсоңуз, анда алдыңкы 3 күнгө аба ырайы төмөнкүдөй:
Бишкек шаары.
8-июнь. Абанын температурасы +15...+28 градуска чейин ысыйт. Түшкө чейин асманды ала булут каптап, түштөн кийин мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт.
9-июнь. Абанын температурасы +13...+20 градус жылуу болот. Таңга маал жааган кыска мөөнөттөгү жаан түштөн кийин нөшөрлөгөн жамгырга айланат.
10-июнь. Абанын температурасы +12...+19 градус жылуу болору күтүлүүдө. Күнү бою нөшөрлөгөн жаан жаашы ыктымал.
Чүй облусу.
8-июнь. Абанын температурасы +14...+25 градуска чейин жылуу болот. Түшкө чейин асманды ала булут каптап, түштөн кийин мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт.
9-июнь. Абанын температурасы +11...+18 градус болмокчу. Күндүзү күн бүркөө болуп мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Кечкисин нөшөрлөп жаан жаашы күтүлүүдө.
10-июнь. Абанын температурасы +11...+19 градус жылуу болот. Күнү бою жамгыр жаап, мезгил-мезгили менен күчөп турары күтүлөт.
Жалал-Абад облусу.
8-июнь. Абанын температурасы +14...+23 градуска чейин жылуу болот. Күндүзү күн бүркөлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.
9-июнь. Абанын температурасы +13...+26 градус жылуу болот. Күн бүркөлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлүүдө.
10-июнь. Абанын температурасы +15...+21 градуска чейин жылуу болот. Күн бүркөлүп түштөн кийин кыска мөөнөткө созулган жамгыр орун алмакчы.
Ош облусу.
8-июнь. Абанын температурасы +15...+22 градус болот. Таңга маал күн бүркөлүп, түштөн кийин жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт.
9-июнь. Абанын температурасы +15...+25 градуска чейин ысыйт. Күндүзү асманды ала булут каптап, кечкисин кыска мөөнөткө жамгыр жаашы күтүлөт.
10-июнь. Абанын температурасы +13...+19 градус жылуу болот. Күн бүркөө болот, жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт.
Баткен облусу.
8-июнь. Абанын температурасы +16...+23 градуска чейин жылыйт. Күн бүркөө болот, кыска мөөнөткө жамгыр жаашы күтүлөт.
9-июнь. Абанын температурасы +16...+26 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Асманды ала булут каптайт, жаан-чачын күтүлбөйт.
10-июнь. Абанын температурасы +13...+21 градуска чейин жылуу болот. Күндүзү күн бүркөлүп, түштөн кийин нөшөрлөп жаан жаашы күтүлөт.
Талас облусу.
8-июнь. Абанын температурасы +10...+22 градус жылуу болот. Түштөн кийин мезгил-иездгили менен жаан жаашы ыктымал.
9-июнь. Абанын температурасы +9...+19 градуска чейин жылышы күтүлүүдө. Күн бүркөө болот, мезгил-мезгили менен жаан жаап, түнкүсүн нөшөрлөгөн жаанга айланат.
10-июнь. Абанын температурасы +8...+17 градуска чейин жылыйт. Мезгил-мезгили менен жаан жаайт.
Ысык-Көл облусу.
8-июнь. Абанын температурасы +7...+17 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Күн бүркөлүп, кечкисин мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.
9-июнь. Абанын температурасы +7...+15 градуска чейин жылуу болот. Таңга маал нөшөрлөп жамгыр жаап, бирок түштөн кийин күн ачылышы мүмкүн.
10-июнь. Абанын температурасы +7...+14 градуска чейин жылыйт. Күн бүркөө болот.
Нарын облусу.
8-июнь. Абанын температурасы +4...+13 градуска чейин жылуу болот. Түшкө чейин асманды ала булут каптап, түштөн кийин нөшөрлөп жамгыр жаашы күтүлөт.
9-июнь. Абанын температурасы +3...+14 градус жылуу болот. Күнү бою күн бүркөө болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.
10-июнь. Абанын температурасы +5...+11 градус болот. Күнү бою күн бүркөө болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.