Казакстандагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Токаев эң көп добуш алганы айтылды

9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо болуп, добуш берүү жыйынтыкталды. "Коомдук пикир" институту Токаев 70,13 пайыз добуш топтогонун билдирди. Ал эми "Жаштар" илим-изилдөө борборунан Токаев 69,94 пайыз добуш менен алдыда келе жатканын маалымдады.

Президенттик шайлоо өтүп жаткан учурда Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында жүздөгөн адамдар митингге чыгып, шайлоонун таза өтүшүн талап кылышты. Митинг болуп жаткан жерлерге полиция кызматкерлери барып, жүзгө чукул митингчини кармаган.

Президенттик орунга 7 талапкер ат салышты. Алар:

  • Жамбыл Ахметбеков - Элдик коммунисттер партиясы;
  • Дания Еспаева - "Ак жол" партиясы;
  • Амиржан Косанов - "Улуттун тагдыры" улуттук-патриоттук кыймылы;
  • Толеутай Рахимбеков - "Ауыл" партиясы;
  • Амангелды Таспихов - Казакстан профсоюздар федерациясы;
  • Касым-Жомарт Токаев - "Нур Отан" партиясы;
  • Садыбек Тугел - "Улуу талаа кыраандары" коомдук бирикмеси.

Нурсултан Назарбаев мамлекетти дээрлик 30 жыл башкарган. Ал ушул жылдын 19-мартында отставкага кеткенин түз эфир аркылуу маалымдаган. Ошондой эле ал парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу президенттин милдетин аткарарын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
salimbek87.kg
2019-06-10 00:41:16
Бийлик кимди корсоткон болсо ошол болот 100% .Негизи бизде да таза шайлоо болгондо Мадумаров же Бабанов болот эле президент.жеке оюм менин ,
+10
odin-takoy
2019-06-10 10:17:26
salimbek87.kg,сенин бабановунун акчасы жок болсо ким женет эле
-5
zevs
2019-06-10 01:38:04
Sovettik mezgilden kiyin egemendik algan olkolordo ech kachan taza wayloo bolboyt. Sebebi biz demokratiyanyn joldorun toluk basyp oto elekpiz.
0
Tursunbaev2017
2019-06-10 16:42:09
zevs,Украинада,Грузияда,Молдовада таза эле өттү,ал бизде Орто-Азияда таза өтпөйт,бийлик дегенде жандарын беришет
0
BekAmir
2019-06-10 05:16:06
Эми Токаев 30 жыл башкарат
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан