Солтон-Сарыны байырлаган чабандардын койлору жайыт бетинде
Нарын районундагы Солтон-Сары жайлоосу
1-августта Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосунда Нарын
районуна караштуу айыл өкмөттөрдүн малчылары жылдагыдай өздөрүнүн майрамын белгилешти. Жайлоого 6 айыл өкмөттүн
малчылары чогулуп, эр эңиш, кыргыз күрөшү, көк бөрү, тыйын эңмей, кыз куумай
сыяктуу улуттук оюндар орун алды. Майрамды уюштурууга облустун өнүктүрүү
фондунан 100 000 сом бөлүнгөн. Жеке ишкерлерден бөлүнгөн 50 000
сом, айрым малчылардан кой, козулар байге фондун түздү.