Ошто таштандыга өз учурунда акча төлөгөн жарандар "Ош-Тазалык" ишканасынан белектерге ээ болушу мүмкүн
"Ош-Тазалык" ишканасынын жетекчилиги ишкананын 20 кызматкерине уюлдук телефондорду жана "корпоративный" тарифтик планындагы сим-карталарды белекке берди. Кызматкерлери иш учурунда телефон кызматынан көп пайдалангандыктан алардын ишине шарт түзүү үчүн ушундай колдоо болгонун ишкананын жетекчиси Шайлообек Атазов айтат."Жакындан баштап таштандыга өз учурунда акча төлөгөн абоненттерге, шаардын тазалыгына салым кошкон тургундарга жана биздин ишкана менен кызматташкан жеке тараптарга уюлдук телефондорду, чаң соргуч жана муздаткыч белекке берүүнү пландап жатабыз. Максатыбыз - шаардын тазалыгына болгон жарандардын аң-сезимин ойготуу",- дейт ал.