Туризм департаменти: "6 айда Кыргызстанга 1 миллион 807 миң турист келген"
6 айда
Кыргызстанга 1 миллион
807 миң турист келгендигин бүгүн, 2-августта маалымат жыйынында Маданият,
туризм жана маалымат министринин орун басары, Туризм департаментинин башчысы
Данияр Казаков билдирди. Айтымында, бул маалыматтар Мамлекеттик чек ара
кызматынан алынган жана бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 572 миң кишиге
көп. Былтыркыга караганда быйыл Казакстандан туристтердин келиши 25 пайызга
көбөйсө, Орусиядан келгендердин саны 111 пайызга көп болгон. “Ысык-Көлгө канча
турист келгендиги сезон бүткөндө белгилүү болот. Былтыркыга караганда
Ысык-Көлдө эс алуучулардын саны көп болот деген үмүтүбүз бар”,- деди ал.