Бүгүн, 2-августта Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Ош шаарынын вице-мэри Алимжан Байгазаков, аппарат жетекчи Айдар Казиев жана бир катар мэрия кызматкерлери, Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагындагы өкүлдөрү катышты. Жолугушууда шаардагы жылытуу системине реформа жасоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул долбоор ишке ашса аталган программа 2 миллион доллар бөлүп, көп кабаттуу үйлөрдүн жылытуу системдерин оңдоп-түзөөгө көмөктөшмөкчү.