Кыргызстанда 6 айда интернет колдонуучулардын саны 1,5 эсеге өстү

Кыргызстанда ушул жылдын 6 айында өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу интернет колдонуучулардын саны 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен интернет колдонуучулардын саны 3,7 миллионго жеткени белгилүү болду. Былтыр бул көрсөткүч 2,5 миллион болчу. Ал эми кабелдик телеберүүлөрдү колдонгондордун саны 27 миңди түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 0,6 пайызга өскөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан