“Ысык-Көл районундагы Бостери айылынын жергиликтүү кеңешинин депутатына кол салуунун болушу анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон деген версиялар айтылууда". Бул сөздү Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Айтымында, ок тийген депутат Чынаркүл Молдошева көпчүлүк учурда коррупцияга байланышкан мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу жана мамлекеттик аткаминерлердин крим-чөйрө менен болгон байланыштарын ачык айтып келген. Эске салсак, 2-август күнү саат 22:30 чамасында облустун Бостери айылында КСДП партиясынан жергиликтүү кеңештин депутаты Чынаркүл Молдошеванын үйүнүн алдынан ага карата ок атуу болгон.