Дүйнөгө белгилүү "Apple" корпорациясынын башкы дизайнери Жони Айв кызматтан кетти. Ал менчик студия ачууну пландап жатканын батыш маалымат булактары жазып чыгышты.
Жони Айв "LoveFrom" аталышындагы менчик компания ачып, кийинки жылы ишке киргизерин билдирген. Жаңы ачыла турган компания "Apple" менен өнөктөш болушу күтүлүүдө.
"Бир нече долбоордун үстүндө иштеп, ушундай күчтүү команданы түзгөнүбүзгө сыймыктанам. "Apple" азыр мурдагыга караганда алда канча күчтүү, таланттуу кызматкерлер менен толукталган", - деген ал.
Ал эми "Apple" корпорациясынын башкы директору Тим Кук Жони Айв дизайн дүйнөсүндөгү өзгөчө орду бар адам экенин, анын иши жогору бааланарын айткан. Эми башкы дизайнердин жумушун өндүрүштүк дизайндын вице-президенти Эванс Ханки жана интерфейс боюнча дизайндын вице-президенти Жефф Вильямс аткарат.
Жони Айв "Apple" корпорациясына 1992-жылы келген. Анын белгилүү эмгектери - iMac, PowerBook G4, MacBook, MacBook Pro (Unibody), iPod, iPhone, iPad.