Казакстандын мурдагы премьер-министри, президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Бакытжан Сагинтаев Алматынын акими кызматына дайындалды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалым болгондой, 28-июнда ал президенттин администрациясынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул кызматты ал 2019-жылдын 24-мартынан тарта ээлеген.
Сагинтаев 2016-жылдын 9-сентябрынан 2019-жылдын 21-февралына чейин премьер-министр болгон.