Өзбекстанда аттракцион кулап, 20 жаштагы кыз каза болду

28-июнда Өзбекстандын Жизак шаарындагы "Истиклол" сейил багында аттракцион кулады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалым болгондой, аттракциондо адамдар болгон. Видеодо көрүнгөндөй, иштеп жаткан аттракцион экиге бөлүнүп, жерге кулады. Анда адамдардын кыйкырыктары угулуп, күбөлөр окуя болгон жерге дароо кеткенин көрсө болот.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, кырсыктан улам 1999-жылы туулган кыз каза болгон. "Аттракцион 7 метр бийиктиктен кулады. Анда 8 адам болгон. Аттракцион март айында иштей баштаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстанда аттракцион кулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sainazarov0555
2019-06-29 13:19:07
Жайи жаннаттан болсун
+1
Paprikafm
2019-06-29 15:06:25
Кудай сактасын омуру тушуп коргон эмесмин тушкум да келбейт
+2
bek_tash
2019-06-29 18:26:42
Жаман болуптур. Буларда кылмыш иши козголуптур уже. Бизде болгондо (кудай сактасын) иликтөө иштери жүрүп жаткан болмок.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан