Дубайдын башчысынын аялы ири суммадагы акча менен өлкөдөн качып кетти

Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министри, Дубайдын башчысы шейх Мохаммед бен Рашид Аль Мактумдун аялы өлкөдөн качып кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ханбийке Хайя бинт аль-Хусейн быйылкы жылдын февраль айынан бери эл арасында көрүнгөн эмес болчу. "Ал 11 жашар кызы жана 7 жашар баласы менен Араб Эмираттарынан Германияга качып, баш паанек сурап, ажырашуу тууралуу документтерди тапшырды. Ханбийке жанына 39 миллион доллар алып качты.

Бул окуя Германия менен Араб Эмираттарынын ортосундагы дипломатиялык кризиске жеткирди. Премьер-министр Германиянын бийлигине аялын кайтаруу талабы менен кайрылганда, анын талабы аткарылган жок.

Буга чейин Дубайдын башчысынын кызы өлкөдөн чыгууга аракет кылганда кармалып өлкөгө кайтарылган. Human Rights Watch укук коргоо уюму БАЭнин бийлигинен ханзаада каякта жүргөнү тууралуу маалыматты сураганда, аны өлкөдөн зордоп эч жакка чыгарбоо тууралуу маалыматты четке кагып жатышкан", - деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
-Dybala-
2019-06-30 10:51:02
Арабтын биринчи айымы хиджабы жок эле бир жакшынакай жүрөт экен.
+13
senchi
2019-06-30 13:03:27
-Dybala-,кошулам созуно, эркектердин жанында эле журотко.
+11
zhaku2017
2019-06-30 15:28:29
-Dybala-,
Биздикилер арабтардын салтуу хиджабына байланып жүрүшөт. Хиджабтын динге эч тиешеси жок. Болгону арабтардын салтуу кийими.
+12
asmannn
2019-06-30 23:03:05
zhaku2017,тообо кылдым де
+1
Dembele84
2019-06-30 12:05:02
Канча Дубайдын башчысынын аялы болсо да,эркин жашоону энсеп качыптыр да Германияга
+13
katerina.li
2019-06-30 13:13:33
Туура кылыатыр. Мен да качып кетмекмин
+8
Simels
2019-06-30 13:34:41
Дагы Арабтардан улгу алгыла Эми
+7
orun
2019-07-01 10:25:30
Simels,биз арабтардан эмес, пайгамбарыбыз с.а.с дан үлгү алып жашайбыз!!!
0
aerforce
2019-06-30 14:06:43
Биздин үйгө эле качып келчи ))) 38 млн өзүңдө эле болсун 1 млн берсен жетет)
+25
Krai
2019-06-30 14:55:43
Ошончо чогуу жашаган аялы да немис катын окшойт
+4
Rajo100
2019-06-30 15:00:11
Мен кайра кубанат элем арман кылчу аял эмес экен шкафтай болуп туратко дынкыйып, жакшы эле болду деп назик аялдан алып алмакмын
-2
Nur777
2019-06-30 19:10:20
Rajo100,Шкаф озу качса да мейли,39млн.которо качыптыр да,кептин баары ошондо...
+5
Rajo100
2019-06-30 22:04:43
Nur777,мен болсом мындай шкаф учун дагы 39 миллион аркасынан салып, сага рахмат кымбуттуу менин шкафым деп узатып коет элем
-1
katerina.li
2019-06-30 22:19:54
Rajo100,мышык майга жетпей сасык дептир болюогулачы.
+1
Erma_138
2019-06-30 21:35:34
Rajo100,катын табылат ой кетсе кете берсин алтын баштуу катындан бака баштуу эр артык ал миллиондорго кайгырып атат
+2
Rajo100
2019-06-30 22:01:32
Erma_138, 39 миллион аларга эч нерсе эмес, акчасы жок кыргыз республикасы учун чон акча а дубайдын башчысына эч нерсе эмеско ал акча
+3
zhaku2017
2019-06-30 15:29:46
Арабтар диңге жамынып алышып аялдарга карата өмүр бою кысып көргөзүп келе жатышат.
+6
Komrad
2019-06-30 20:01:01
Тыянак чыгарчу окуя
+4
souza.j
2019-06-30 20:15:10
Биздикилер Дубайга качышып атат. Ушуну угуп калышса керек
+3
MUHLISA
2019-06-30 23:21:50
Арабтар !Башына селде ороп ак кийгендер !Шейхтер !бизге улгу эмес.!
Бизге бир гана Мухаммед салаллааху уа салламдын сунноту жана Куран улгу!Алар периште эмес алар ИНСАН !.
+4
Wold
2019-07-01 04:01:31
Араб десе эле көзүңөргө Ислам динин элестетип албагылада. Арабдын атеисти, християны, яхудисида бар. Дубайдын башчысы американын адамы, атеист. Америка почти араб өлкөлөрүн бүт эле өзүнүн адамдары аркылуу башкарып алган.
+2
ainura220888
2019-07-01 20:18:10
Дубайдын башчысынын кебетесида бир укмуш экен тообо. Аллага шек келтирбеин алда Алланын жараткан пендесида. Убицаларга окшош экен. Ушунча жыргал жашоодон бекеринен качбайтда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан