Карыбек Дүйшеев Конституциялык палатанын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу 1-июлда Конституциялык палатанын басма сөз кызматы жарыялады.
Белгилүү болгондой, 30-июнда мурунку жетекчиликтин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн. Буга байланыштуу соттордун жыйынында Конституциялык палатага жаңы төрага, анын орун басары жана сот-катчы шайланды.
Карыбек Дүйшеев төрага, Эмил Өскөнбаев төраганын орун басары жана Мээргүл Борбукеева сот-катчы болду. Жетекчилик мыйзам боюнча 3 жылда бир шайланат.
Карыбек Дүйшеев 1961-жылы 14-августта Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Кесиби боюнча юрист. 35 жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп келген. 2013-2014-жылдары ошол учурда Жогорку Кеңештин спикери болуп турган Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеген. 2019-жылдын 20-июнунда Жогорку Кеңеште Конституциялык палатанын судьялыгына шайланган.