Иркутск облусунда суу ташкынынан улам 12 адам каза болуп, 9 адам дайынсыз болууда

Орусиянын Иркутск облусунда суу ташкынынан улам 12 адам каза болуп, 9 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Иркутск облусунда тынбай жааган жаандан улам жергиликтүү дарыяларда суу нугунан чыгып өзгөчө кырдаал жарыяланган болчу.

"Суу ташкынынан улам 6 миң 700 турак жай, мектеп, оорукана жана социалдык мекемелер суу алдында калды. Жалпысынан табигый кырсыктын кесепетинен 751 адам жабыркап, 153 адам ооруканага жеткирилген. Учурда өзгөчө кырдаал 6 районго киргизилди, жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултулуп, тиешелүү ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жалпы облус боюнча 10 көпүрө бузулуп, 18 айыл менен байланыш үзүлгөнү айтылган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Уда, Ия, Ока жана Бирюс дарыялары нугунан чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан