Ашкере сулуулугу үчүн өз өлкөсүнөн куулган араб жигити чет өлкөдө ийгиликке жетти

Сауд Арабиянын жараны ашкере сулуу болгону үчүн өз өлкөсүнөн куулган. Окуя 2013-жылы болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 5 жыл мурда Омар Боркан Аль-Галаны жана 2 жигитти өлкө бийлиги куугунтукка алган. Бийлик мындай кадамын ашыкча сулуу мырзалар аялдардын акылга сыйбаган жоруктарды жасашына себеп болот деп түшүндүргөн.

Бул окуядан кийин Омар Боркан Канадага көчүп келген. Бул жактан ал моделдик кесипти аркалап баштаган. Учурда ал Канададагы топ-моделдердин бири катары бааланып, белгилүү болууга жетишкен. Анын сулуулугуна суктанып иштешүүнү каалаган моделдик, жарнамалык агенттиктер күн санап өсүүдө. Мындан тышкары модель фотограф болуп иштейт.

Омар Боркан 5 жыл аралыгында белгилүү гана болбостон 10 миллион доллар каражат табууга, үй-бүлө курууга жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Wibee
2019-07-02 09:47:23
ушулар ашыкча эле филасофда.
-2
010288
2019-07-02 09:48:38
Мындайле экенго
+9
Dembele84
2019-07-02 10:44:58
Ашкере сулуу десе,кандай болуп кетти экен деп барактай калыпмын,обычный эле араб экен го
+12
Begimkyz.
2019-07-02 12:30:50
Менин куйоом красавчик го мунун жанында)
+15
trabzon11
2019-07-02 14:08:45
Кызыкканы учун кирдинерда.калп
Эле Ары жоктоно берет экенсинерда
+7
Begimkyz.
2019-07-02 15:56:26
trabzon11,туй атааа)
-1
Asyl10
2019-07-02 14:56:40
Чынында келишкен мырза экен, без изъян.Сакал-муруту да абдан тыкан,озуно сонун жарашыптыр. Коздору укмуш нурлуу экен.Бардык жагынан келбеттуу экен. Арабдар кыз-келиндерден кызганып кууп салгандары кызык экен. Бирок, "Сулуу сулуу эмес, суйгонун сулуу" дейт, Топ модельдин жанында суйгонун турса андан ашык сулуу корунбой калат козуно, суйуунун кучу керемет ошого дейт. Суйгон адамын башкалардан озгочо,жылдыздуу, сулуу коруно
+2
zhaku2017
2019-07-02 15:47:41
Арабтар адамдын сырткы кебетесине көнүл бурушпайт. Болгону ашыкча диний фанат болсоң эле болду. Ошон үчүн аялдары чүмкөнүп жүрүшөт. Сырткы келбет адам баласында чоң роль ойнойт.
-4
Agayu
2019-07-02 17:45:05
Ким билет Арабдардын да политикасы өтө татаал экен .
+2
Ak_Bulut
2019-07-02 19:14:29
Келбеттүү экен
+1
voennyi88
2019-07-02 20:28:22
Кудайга шугур Кыргызстанда жашаганыма! Болбосо мени дагы кубаламак экенда.
+7
Bektur2011
2019-07-03 10:43:48
Кыргыздын жакшы сөзү бар ай мончоктуу көз жерде калбайт.
0
Elina9695
2019-07-04 10:47:53
Селдечен сулуу корунот экен. Баласы аябай суйкумдуу экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан