"Город 312" тобунун ырчысы Светлана Назаренко (Айя) Орус телеканалдарынын бирине маек берип жатып "Сен менин" аттуу ырды аткарды. Эфирдеги видео топтун социалдык тармактагы баракчасына жүктөлгөн.
“Бул мен Кыргыз өлкөсүндө жашап жүргөндөгү репертуарымдагы ыр” деп айткан Назаренко эфирде.
Аталган видео интернет колдонуучулары тарабынан жылуу кабыл алынып, көптөгөн жакшы билдирүүлөрдү топтой алган.