Өмүрбек Бабанов аэропорттон камалабы? УКМКнын жообу

Бүгүн, 9-августта Кыргыз өлкөсүнө саясатчы Өмүрбек Бабановдун кайтып келүүсү күтүлүүдө. Буга чейин анын өкүлү билдиргендей, ал Шереметьево аэропортунан учакка отуруп Бишкекке саат 14:40та келип конмокчу.

Кечээ, 8-августта Бабанов өлкөгө кайтып келүү ниетин билдирген соң УКМК "Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат" деп билдирүү тараткан.

Ал кайтып келгенде, аны УКМКнын кызматкерлери аэропорттон кармап кетеби деген суроого төмөнкү жоопту алдык: "Буга чейин биз расмий маалыматта билдиргенибиздей эле ал мыйзам чегинде жоопко тартылат. УКМКнын кызматкерлери аны аэропорттон тосуп алат же ал ошол жерден кармалат деп айта албайбыз", - деп билдиришти УКМКдан.

Айта кетсек, буга чейин Бабанов бир нече жолу өлкөгө кайтып келерин айтып, бирок келген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан