Ренат Түлөбердиев "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрага кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн, 21-августта кабарлады.
"Тийиштүү чечимди Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду – "Улуттук башкаруучу компания" ААКнын бирден-бир негиздөөчүсү кабыл алды", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Түлөбердиев 2017-жылдын декабрь айынан тарта ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы кызматын ээлеп келген.