Ишенгүл Болжурова Тышкы иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрайымы болуп шайланды

Тектеш кабарлар: 2019-жыл ичиндеги кадрдык өзгөрүүлөр (95 материал)

Ишенгүл Болжурова Тышкы иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-июлда Тышкы иштер министрлигинин Коомдук кеңешине жетекчини шайлоо боюнча өткөн жыйында Коомдук кеңештин төрайымына Ишенгүл Болжурова жана жооптуу катчылыгына Уран Ахметов бир добуштан шайланган.

Өмүр баяны

Агартуучу, коомдук-саясий ишмер, профессор, Даңк медалынын ээси Ишенгүл Болжурова Түп районунун Тасма айылында 1951-жылы 22-декабрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин (КМУ) артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Адистиги - тарых жана коомдук түзүлүш боюнча окутуучу.

Эмгек жолун КМУда окутуучу болуу менен баштаган. Кийин Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Партиянын тарых институтунда окумуштуу-катчы, Кыз-келиндер педагогикалык, Орус тили жана адабияты, кийин Гуманитардык илимдер институтунда доцент, Бишкек гуманитардык университетинде профессор, илимий иштер боюнча проректор, 1994-жылдан тартып ректор болуп иштеген. Тарых илимдеринин доктору. 120дан ашык илимий, окуу-методикалык эмгектердин автору. Кыргыз ССР тарыхынын академиялык фундаменталдуу төрт томдугунун, республиканын жогорку окуу жайлары үчүн жазылган өлкөнүн тарыхы боюнча окуу китебинин эки томдугунун, "Манасты алып баруунун кыскача тарыхынын" авторлорунун бири. "Биримдик" партиясынын саясий кеңешинин, "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондунун президиумунун, "Кут-Билим" гезитинин жана "Мээрим" журналынын редколлегиясынын мүчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан