Бүгүн, 23-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов ИИМге сурак берип чыкты. Ал суракта 2 жарым саат болду. Турдукулов SUPER.KG порталына билдиргендей, суроолор 7-8-августта болгон Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу экенин айтты.
"Мен сурактагы маалыматтарды сыртка чыгарбоо боюнча тил кат жазып бердим. Алар дагы суроолор болсо суракка чакыра тургандыгын айтышты", - деди Турдукулов.
23-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов ИИМге сурак берүүгө чакырылганын билдирген. Ал саат 5те сурак берүү үчүн ИИМдин Тергөө башкармалыгына кирип кеткен.