Экс-депутат Өмүрбек Бабанов бүгүн, 19-августта Финполдо сурак берди.
"Суракта эмне сөз болгону тууралуу тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачык айта албай турган тил катка кол коюп чыктым. "Кыргызстан" банкынын акциялары боюнча чакырылганымды гана айта алам. Эртең, 20-августта саат 3кө УКМКга да чакырышты. Он-Адыр боюнча болушу керек. Мына ушундай иштер башталып жатат", - деди Бабанов.