Кичин, Майер жана Алыкулов да бар. Мьянма жана Монголия менен болгон беттештерге чакырылган Кыргыз курама командасынын тизмеси

Катар-2022 Дүйнөлүк чемпиондукка тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз өлкөсү 10-октябрда Бишкекте Мьянма менен ойнойт. 15-октябрда Кыргыз футболчулары Монголия менен конокто Улан-Батор шаарында ойнойт.

Александр Крестинин бул оюндарга чакырган футболчулардын тизмесин жарыялады. Жалпы тизмеге 23 футболчу кирген. Курамга Азия Кубогунан бери ойной элек команда капитаны Валерий Кичин, катуу жаракатынан улам көп убакыттан бери курамга чакыруу ала элек Виктор Майер жана "Неман" клубунда ойногон Гүлжигит Алыкулов чакыруу алды.

Кыргыз өлкөсүнүн курамы:

Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Кутман Кадырбеков (бардыгы «Дордой»)

Коргоочулар: Валерий Кичин («Динамо-Минск», Беларусь), Виктор Майер («Виденбрюк», Германия), Айзар Акматов, Азамат Байматов, Авазбек Откеев, Мустафа Юсупов (бардыгы «Дордой»), Тамирлан Козубаев («ПКНС», Малайзия)

Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов («Алай»), Алимардон Шукуров («Болуспор», Түркия), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Бахтияр Дүйшөбеков («Башундхара Кингз», Бангладеш), Эдгар Бернхардт («Кедах», Малайзия), Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Жыргалбек уулу Кайрат (бардыгы «Дордой»), Турсунали Рустамов («Худжанд», Тажикстан), Гулжигит Алыкулов («Неман», Беларусь).

Чабуулчулар: Виталий Люкс («Ульм 1846», Германия), Мирлан Мурзаев («Дордой»).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tynar92kg
2019-09-26 16:14:31
Ийгилик ак шумкарлар!!!
+2
interpol
2019-09-26 16:36:06
Монголия менен дордой ойнойт экенда э ? Тажиктер менен болгон оюунду көрдүк өтө төмөн ойнодуңар. Башкы машыктыруучу өзүбүздүкү деп эле дордойду ойното бербей башка клубдарданда карап албайбы90% дордой ойнойт улуттук курамда. Башкаларгада шанс бериш керек.
Бирок чын жүрөктөн ийгилик каалайм.
+1
korea
2019-09-26 23:50:15
Ахлидинди жөн эле койбоду да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан