"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун катышуучусу, көпчүлүккө Чыпалак баатыр каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов чыгармачылыкка аттанды. Тагыраагы, ал "Бул жашоо, өмүр бир келет" аталышындагы чыгарманы аткарып чыкты. Ыр Чыпалак баатырдын жашоосунун сүртүмдөрү экенин анын продюсер-менеджери Микаш (Мыктыбек Ашырбай уулу) айтып берди.
"Чыпалак баатыр мага ырдап чыккысы келгенин айтты. Мен алгачкы ыр анын жашоосу тууралуу болсун дедим. Чыпалак баатыр мага башынан өткөн окуяларын, турмушун айтып берди. Дароо эле ырдын картинасы көз алдыма келип текстин, андан соң обонун жаздым. Баары даяр болгондон кийин студияга барып аранжировкаладык. Чыпалак баатыр өзүнө тиешелүү тексттерди ырдады, мен рэпти айттым.
Чыгарманы интернетке, социалдык тармактарга жарыялагандан кийин окурмандардан жакшы пикирлерди угуп жатабыз. Учурда клип тартууга демөөрчүлөрдү издеп баштадык. Клип жөн салды эмес, мыкты болушу керек. Ал эми жаш, ишин жаңыдан баштаган клипмейкерлерден сунуш түшүп жатат. Бирок аларга көп ишеним арта албай жатабыз", - дейт ал.
Чыпалак баатырдын продюсер-менеджери мындан ары күйөрмандарына жаңы чыгармаларды тартуулай турганын кошумчалады.
Чыпалак баатыр жана Микаштын дуэтин угуп, көчүрүү үчүн шилтеме.