Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов Монголияга болгон иш сапарында ФИФАнын президенти Жанни Инфантино менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан маалымдалды.
Жолугушууда президенттер мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча бир катар маселелерди талкуулашты. Ошондой эле Жанни Инфантино Кыргыз өлкөсүндөгү футболдун өнүгүшүндөгү алгылыктуу жылыштарды белгилеп, жакын арада Кыргыз өлкөсүнө келе турган каалоосун билдирген.
Канатбек Маматов Франция улуттук курама командасынын мурдагы жарым коргоочусу, азыркы тапта ФИФА фондунун социалдык долбоорлору боюнча жетекчиси Юрий Жоркаефф менен дагы жолугушкан. Канатбек Маматов өз сөзүндө "Легендалар" программасынын негизинде дүйнөлүк футбол жылдыздарын Кыргыз өлкөсүнө келүүнү жандандыралы деген пикирин айткан.