ТЕСТ: Чиркин өмүр, жомогум ай... Бул телесериал эсиңиздеби? Анда тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз

"Чиркин өмүр" көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган сериалдардын бири. Тасма 2003-жылы КТРК аркылуу элге көрсөтүлгөн. Анда айыл элинин аруу ниети менен бирге кошуналардын бири-бирине болгон сый-урматы жана ар дайым оорду колдон, жеңилди жерден алып ынтымакта жашаган жашоосу чагылдырылган. Тарбиялык мааниси чоң бул тасмада кыргыз элинин сыймыгы болгон мыкты актёрлор Чоро Думанаев, Жандат Жаманбаева, Мукамбет Токтобаев, Бакирдин Алиев, Жаркын Балыкбаева, Мурат Мамбетов, Марат Жанталиев жана башкалар роль жараткан.

Сериал жалпы 20 сериядан турат. Тасманын сценарийин Умар Жума, Мурат Мамбетов жана Бекжан Айткулуев жазышкан. Режиссёру Бекжан Айткулуев.

Телесериалдын элге тартууланганына быйыл 16 жылдын жүзү болду. Бул тасма канчалык деңгээлде эсиңизде бар? Тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз.

1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15

"Чиркин өмүр" сериалында "Чоң ата, чоң апа, кемпир алам" деп Бозу менен Нурчайдын көңүлүн көтөрүп, кубаныч тартуулап, үйлөнүү тууралуу сунушун айткан небереси ким эле?

Азат
Кенжебек
Медер

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
dastan_nookat
2019-11-01 13:22:51
74
-7
tular
2019-11-01 14:04:26
Ошол күндөрдү бир эстеп алдым. Бир сонун мезгил эле ошол маал. Мен анда 8 класста окучу элем. Биздин айыл жактан тарткан.
-7
Nurtilek06
2019-11-01 21:17:24
60 унутуп калыптырмын
-3
kochkor.siti
2019-11-01 23:56:14
80 мен муну жатагандай эле коргом )))
-4
Gospozhatsetok
2019-11-02 03:58:48
54 болуп калды го, эстен чыгып кетип Ир. Бирок аябай кутуп корчу элек,оо андан бери канча суулар акты..деп эле. 2003-ж мен 4кл окуучу экем. Унуткудай эле болуптур озу
-6
DAKS
2019-11-02 05:19:17
64
-7
katerina.li
2019-11-02 15:31:57
Неге тест болсоле минус баса беришет элдер
0
Isikkolumkeremet
2019-11-03 23:30:56
94
-4
eldish12
2019-11-05 02:04:51
60 болдуго
-5
tular
2019-11-11 01:09:08
Мен кинону кайра баштан көрүп чыктым! 100% болду...
-5
esimdesin
2021-05-13 12:01:34
Админ генералдын досу келбей досунун уулу келет тууралап койгула туура такталган маалымат берсенер урдура бербей ишенбесеңер кайталап көрүп чыккыла сериалды
-2
algakaray
2021-05-13 12:16:27
Ушу тест темасында аз упай коп упай алганына деле жалан минус баса бересинер бир плюс жашылды корбой тээ башынан бери эле байкап келтам.
0
ErkinOkenovich
2021-05-13 12:41:23
Жалпы суроо 15
Туура 13
Ката 2

Упай 87.
-2
Almaz-pazilbaiuulu
2021-05-13 13:03:44
100 бал
Айт маарек болсун
Туткан орозоңуздарды Аллах кабыл кылсын
Мекенибизде дайым тынчтык болсун туугандар
-3
akmanai
2021-05-13 22:50:08
100
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан