Ош. Шаардагы №16-кесиптик лицейдин карамагындагы жатакананы менчиктештирүү маселеси көтөрүлүүдө

Ош шаарындагы №16-кесиптик лицейдин карамагындагы "Чайка" жатаканасынын жашоочулары жатакананы менчиктештирүү маселесин көтөрүшүүдө. Аталган жайда өлкөнүн ар тарабынан көчүп келген ички мигранттар жашашат. Алардын жалпы саны 221ди түзөт. Жатаканада жашаган тургундардын бул жерге келгенине 20 жылдан ашып калган. Алардын көбү "Ош жибек" ишканасында иштеп, Советтер Союзу тарагандан кийин үй-жайсыз калып, бул жатаканада отурукташып калышкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан