Батукаевдин иши: Жактоочу: "Ушул эле факты боюнча өтүп жаткан дагы 14 шектүүнүн иши сотко өтө элек"

Бүгүн, 23-январда Биринчи Май райондук сотунун имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум уланууда. Отурум жабык эшик артында өтүүдө. Ага мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов келди. Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин отурумга келбегендиги айтылууда. Буга чейин соттун чечими менен УКМКнын имаратында өтүп жаткан процесс жактоочулардын сотко бир нече жолку келтирген өтүнмөлөрүнөн кийин сот залына которулган.

Учурда соттук процесс аяктай элек. Бирок тыныгуу жарыяланды. Андан чыккан жактоочу Замир Жоошев процессте айыптоо актылары окулганын, андан кийин жактоочулардын өтүнмөлөрү караларын айтты.

"Процессте төрт айыпталуучуга карата айыптоо актылары жарыяланды. Бирок алар коюлган айыптарга каршы экендигин билдиришти. Алардын ичинде Атамбаев дагы бар. Ушул эле иш, факты боюнча дагы 14 шектүүнүн тергөө иши аяктай элек. Аларга кабарлама берилди. Бирок алардын иши сотко жөнөтүлө элек. Негизи тергөө иши үч-төрт айда эле бүтүшү керек эле. Эмнеге сот иши башталбай жатат? Менин жеке оюмда аларды сотко келип көрсөтмөлөрүн өзгөртүп жибербеши үчүн басым астында кармап жатышат", - деди жактоочу.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alimbek1000
2020-01-23 19:40:45
АША канкор жоопко тартылсын каадаланбай!
0
Tymar
2020-01-23 22:14:46
Alimbek1000,
Атамбаевти ак жеринен каралап, артына суу куюп кеткендер дагы камалсын. Биринчи Сооронбайдын камалсын.
+1
chake
2020-01-23 19:48:42
бул иштин баары АШАга келип такалат баардык структураларга АлМас озу чалып приказ берген
-1
chake
2020-01-23 22:03:35
Жашасын ШООПУР, ЖАН САКЧЫ, ТАРАЗАЧЫ, ЧАЙ ТАШЫГЫЧ, ФАРИД КАЙНАГА. АБДИЛ КАЙНИ, АЙБЕК КҮЁ БАЛА жаны ысым АШПОЗЧУЛАР булар кыргыздын чыныгы элиталары буларга тийбегиле ЭЙ МАГА КОЛ ЧАППАГЫЛА.... УККУЛА МЕНИ..... булар таза адамдар... СТАЛИН, ЛЕНИН, ХРУЩЕВда мынчалык таза иштеген эмес экен ДЕЕВВ ЭЛЕ
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан