Токтогул районунда автокырсыктан 4 адам каза болду
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 26-ноябрь күнү Токтогул районунда жол кырсыгы болуп, 4 адам каза тапты. Окуя Бишкек-Ош унаа жолунда саат 15:40 чамасында болуп өткөн. Кырсыктан 1977-жылы туулган Токтогул районунун тургундары Алымкулов С., Жодубаева Б., Усенова М. жана Абдыкадыров Т. аттуу жарандар каза болду.