Бишкек шаарындагы Кривоносов көчөсүндөгү №69-үйдө эки карынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. ӨКМнын куткаруучу тобу укук коргоо кызматкерлеринин өтүнүчү менен 26-ноябрь күнү кечки саат 7лер чамасында үйдү ачып киришкенде 1944-жылы туулган З.Алахфердова жана 1924-жылы туулган М.Лукинанын денеси табылган. ӨКМдан маалым болгондой, кырсык свеча өчүрүлбөй калгандыктан келип чыккан.