АКШнын жараны 8 тонна даарат кагазы бар фургонду айдап качкан

АКШнын тургуну 8 тонна даарат кагазы жүктөлгөн фургонду айдап качкан. Бул тууралуу батыш басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Түндүк Каролина аймагында орун алган. Полиция кызматына айдоочу жол эрежесин бузуп, фургонду катуу ылдамдыкта айдап баратканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Кылмышкердин артынан түшкөн полиция кызматкерлери айдоочуну колго түшүргөндө, ал уурдалган фургон экендиги аныкталган. Ал эми фургондун ичинде 8 тонна даарат кагазы болгон. Полиция кызматкерлери кылмышкердин аты-жөнүн ачыкка чыгарбай тургандыгын билдиришкен. Себеби учурда коронавируска байланыштуу даарат кагазы жана башка гигиеналык каражаттар адамдардын негизги муктаждыгы болуп, суроо-талап жогору деп түшүндүрүшкөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Agayu
2020-03-23 23:52:23
Коронавирус ким кандай экенин көрсөтүп жатат , Европада Акш да адам укугу деп кеңири кое берип эми мындайда кашасы чыгып отурат ( тооба кылайын албетте )
-2
Paol
2020-03-24 00:13:36
Уважуха!!Не каждый способен на такое!
+1
AksyKum
2020-03-24 00:24:07
Бииир аарчып жыргайын деген экенда
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан