Дүйнөнү каптап жаткан коронавирус илдети былтыркы жылдын аягында Кытайда башталган. Бул вирус көпчүлүк өлкөлөрдө аныкталып, 3 айдан кийин Кыргыз өлкөсүнө да келди. Күндөн-күнгө вирус жуктургандардын саны көбөйүүдө. Илдет Кыргыз өлкөсүндө аныкталганда айрым ата мекендик компаниялар четте карап турбастан, вируска каршы күрөшүү максатында жардам көрсөтүп башташты. SUPER.KG порталы элибиздин башына кыйын иш түшкөндө кол сунган компаниялардын жардамын тизмектеп чыкты. Бул маалыматтар төмөндө аталган компаниялардын сайтынан жана социалдык тармактагы баракчаларынан алынды.
"Мегаком" компаниясы Бишкек шаарындагы медицина кызматкерлерин транспорт менен камсыздады
Саламаттыкты сактоо министрлиги "Мегаком" компаниясына дарыгерлерди транспорт менен камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча расмий кат менен кайрылган. Алар ак халатчандарга жардамга колун сунду. Бул үчүн борбор шаардагы дарыгерлерди ташууга бардык шарттары каралган транспорттор бөлүндү. Ошону менен катар эле компания Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча санитардык-карантиндик иш-чараларына катышып жаткан медициналык мекемелерин акысыз байланыш, интернет менен камсыздаган. "Медицина кызматкерлери жалпыбыздын саламаттыгыбызды ойлоп, өздөрүнүн ден соолугун тобокелге салып иштеп жатышат. Компаниянын атынан аларга ыраазычылык билдиребиз", - деди "Альфа Телекомдун" башкы директору Акылбек Жамангулов.
“Шоро” компаниясы карантин башталгандан тарта жардамын көрсөтүүдө
Кыргыз элинин башына мүшкүл иш түшкөндө “Шоро” компаниясы эч качан жардамын аяган эмес. "Суу өмүр булагы" дегендей, бул компания карантин башталгандан тарта обсервацияда жаткандарды жана коронавирустун жайылышына каршы туруп, өздөрүнүн ден соолугун тобокелге салган кызматкерлерди керектүү көлөмдө “Легенда” суусу жана башка улуттук суусундуктар менен камсыздап жатат. Эми жакында аталган компания өлкөнүн түштүк аймагына дагы обсервацияда жаткандар үчүн фуралар менен “Легенда” суусун жөнөтүү алдында турат. “Шоро” бул жардамы менен гана чектелген жок. Мындан тышкары ишкана медициналык мекемелерге бет кап, антисептикалык каражат жана медициналык буюмдарын берди. Компания өкмөттүн өлкөдө коронавирустун алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иш-чараларын колдоп, социалдык жоопкерчилик боюнча милдеттерди аткарууну уланта турганын жарыялашты. "Шоро" социалдык багыттагы компания болуп саналат. Биз кыйын учурда дайыма өкмөткө жардам бергенге аракеттенип келебиз. Вирусту биргелешкен күч аракет менен гана жеңе аларыбызга ишенебиз", - дейт "Шоро" компаниясынын башкы директору Кайрат Эгембердиев.
"Дордой" ассоциациясы 100 миң бет кап сатып алууга каражат бөлдү
Ишкер Аскар Салымбеков өлкөдө алгачкы жолу коронавирус аныкталганда эле 100 миң бет кап сатып алууга республикалык штабга каражат бөлгөн. Шаардын тазалыгын сактаган "Тазалык" ишканасына 3 миң бет кап сатып алууга каражат бөлүп берген. Ошондой эле коронавирустун алдын алуу үчүн "Дордой" ассоциациясынын штабын түзүшкөн. Мындан тышкары 2 жарым тонна жууп-тазалагыч жана дезинфекциялоочу каражаттарды аймактарга жөнөтүштү. "Биз жалпы күч-аракетибиз менен эпидемияны жеңебиз деп ишенем", - дейт Аскар Салымбеков.