Өлкө ичиндеги мектептерге өзгөчө абал учурунда электрондук күндөлүктөрдү жана журналдарды киргизүүгө бекер жардам

Менин атым Сагындык Балтабаев. Мен "EDUGATE" компаниясынын жетекчисимин.

Өткөн жылы биздин компания Билим берүү жана илим министрлигинин Күндөлүк электрондук системин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча сынактан өткөн.https://edu.gov.kg/ru/news/kr-bilim-ber-zhana-ilim-ministrligi-kndlk-ams-ishke-kirgiz-chn-pilottuk-dolboordun-zhechlrn-zharyyalajt/ . Аталган долбоор https://kundoluk.edu.kg/ өлкө ичиндеги мектептерде ишке ашырылган.

Азыркы тапта мектептерде дистанттык окуу маселеси жаралууда. Муну менен бирге эле электрондук журнал маселеси дагы бар, анткени азыркы тапта кадимкидей журнал колдонуу мүмкүн эмес. Бул маселени чечүү жана мектептерге жардам берүү максатында аталган системди мектептерге окуу жылдын аягына чейин бекер орнотуп берүүнү сунуштайбыз.

Электрондук систем жөнүндө маалыматты презентациядан толук ала аласыздар. Мектепке аталган системди орнотуу үчүн шаблонду толтуруп, info@kundoluk.edu.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек. Системди даярдоо жана баалоо 3 күнгө чейин созулат.

Эгерде кандайдыр бир суроолор жаралса, 0770 253302 жана 0550 520 920 номери аркылуу байланышып же ушул макаладан биле аласыздар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан