Кубатбек Боронов: "Быйыл ченемден ашык кар көчкү түшүү коркунучу бар"

Быйыл ченемден ашык кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов билдирди. Министрдин айтымында, өлкөнүн негизги унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу өтө жогору болуусу мүмкүн болгон 12 аймактын схемасы түзүлүп, тиешелүү министрликтер менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таратылды. "Быйыл суук өткөн жылдарга салыштырмалуу эрте түшөт. Алдын ала божомолдорго ылайык, кышында айрым райондордо адаттан көп жаан-чачын болуп, кар көчкү көп түшүшү ыктымал",- деди Кубатбек Боронов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан