Бишкек шаарында күч колдонуп 20000 сомду тартып алган 19 жаштагы жаран кармалганын Бишкек шаардык ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Кечээ укук коргоо органдарына 19 жаштагы жаран 26-ноябрь күнү түнкү саат 1:00дө белгисиз бирөө күч колдонуп акчасын тартып алгандыгын айтып арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында кылмыштын изи сууй электе тоноого шектелип, мурун соттолбогон, 1993-жылы туулган Л.Вячеслав кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.