"Элдик кабар" бөлүмүнө "Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда коронавирус аныкталгандардын көпчүлүгү медицина кызматкерлери. Алар биз коронавирус эмеспиз, ооруканага жатпайбыз деп чуу чыгарышып, атайын Жалал-Абаддан күч органдарында иштеген кызматкерлерди чакыртып, ошолор күч менен жаткырышты. Медицина кызматкерлери ошентип тополоң кылып жатышса, карапайым эл вирустун бар экендигине кантип ишенмек эле?", - дейт окурман.
Эске салсак, учурда Чаткал районунда 7 адам коронавирус илдети менен күрөшүүдө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.