9-декабрда Бишкек шаарынын кызматкерлеринин арасында спорттун 5 түрү боюнча мэрдин кубогу старт алат
9-декабрь күнү Бишкекте шаардык мэриянын алдындагы бардык бөлүктөрдүн кызматкерлеринин арасында шаар мэринин кубогу башталат. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, спорттук таймаштар спорттун 5 түрү боюнча (стол тенниси, шахмат, бильярд, дартс жана мини-футбол) өткөрүлөт. Кошумчалай кетсек, аталган кубок жыл сайын борбор калаанын кызматкерлерин спортко тартуу максатында уюштурулуп келет. Мелдеш 2013-жылдын 27-январында аяктайт.