Кечээ укук коргоо органдарына Бишкек шаарындагы Ала-Тоо жаңы конушунун жашоочусу арыз менен кайрылганын Бишкек шаардык ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Арызда үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында "жумушка орноштуруп берем" деп алдап Максат аттуу жаран аталган жаңы конуштун жашоочусунан 20 000 сом алгандыгы жазылат. Ушундай эле арыз менен Рухий-Мурас жаңы конушунун тургуну кайрылган. Тиешелүү чаралар көрүлгөн соң кылмышка шектүү деп 1973-жылы туулган Т.Максат кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.