Профессор Назаралиев: "Пандемиянын туу чокусунан өттүкпү же өтө элекпизби, ага карабай илдеттин кесепеттери менен дагы узак иштешибиз керек"



Профессор Жеңишбек Назаралиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өзүнүн медициналык борборунда коронавирус менен ооругандарды дарылоо жөнүндө айтып, учурдагы кырдаал тууралуу ой бөлүштү.

Назаралиевдин медициналык борборунда иштегендер кайрылуулардын азайгандыгына жана мамлекеттик стационарлардагы орундардын бошогондугуна кубанып жатсак, анын артынан эле "посттравмалык" синдромго кабылгандар чала башташты. Акыркы эки күн ичинде Назаралиевдин медициналык борборуна COVID-19 илдети же пневмония менен эмес, ушул оорунун кесепеттери бар 4 бейтап кайрылды.
Мен Фейсбуктагы баракчама жарыялагандай, биз пандемиянын күч алып турган мезгилинде жардамга келдик. Ал мүнөттөрдө саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик систем түзүлгөн оор абалга алы келбей калганы түшүнүктүү болуп калган.



Биздин негизги милдетибиз өзүбүзгө эң оор бейтаптарды кабыл алуу болду. Баарыбызга белгилүү болгондой, стационарларда жана мамлекеттик мекемелерде протоколдорго ылайык дарылашат. Протоколдор - бул эпидемия мезгилинде көп сандаган адамдар менен иштөө үчүн нускама. Биз дароо бейтаптарга оорусуна жараша индивидуалдык дарылоо ыкмасын киргиздик. Бейтапка дарылоочу врач дайындалганда атайын ошол багыттагы адис менен оору терең изилденип чыгып, оорунун өтүшүп кетүүсүнүн жана терс кесепеттеринин алдын алышат. Бирок бардык жерде эле мындай эмес.

COVID-19 жана пневмонияга кабылгандан кийин медициналык борборго келип саламаттыгын калыбына келтирип жатышкан бейтаптардын уруксаты менен алардын арыз-муңдарын айта кетейин.
Бейтап №1 (Виталий, 57 жашта):
- Биринчи орунда мени тынчсыздантып жаткан нерсе - бул өпкөмдүн төш тарабы ооруганы болду. Мен толук дем жута албай, өпкөмдүн 30 пайызы жоктой сезилди. Дем алуум ыңгайсыз болуп, дайыма оор жүк бардай туюлуп жатты. Өзгөчө кара күч жумшаган иштерде. Буттарыма оордук берилип жатты. Өзүмдү жеңил сезип калганым менен дем алуу оор боло берди.
Бейтап №2 (Жамиля, 35 жашта):
- Бир ай ооруп айыккандан кийин менде баары жакшы деп ойлогом. Бирок көп өтпөй эле буту-колумдан баштап чыйрыгып, үшүй баштадым. Жүрөгүмдүн согуусу кээде бир жактан чуркап келгендей мүнөтүнө 130ду көрсөтүп турду. Жүрөктө, белде, моюнда сыздаган оору пайда болуп, көзүмдүн көрүүсү начарлай баштады. Балким, телефонду карай бергенден, бирок так билбейм. Ошондой эле жөө басканда демигип жаттым. Билесиздерби, каным башкача болгондой туюлду, коюу жана салмактуу. Балким, мага ошондой сезилип жатабы?
Бейтап №3 (Алмаз, 44 жашта):
- Мен коронавирус менен жазында ооруп, жеңил формасын өткөргөм. Эки күн дене табым 39 болуп, жыт, даам сезбей калдым. Үч аптада калыбыма келип, компьютердик томографияга бардым. Өпкөм таза чыкты. Акыркы убакта көбүнчө алсыроону сезип жатам. Дайыма жаткым келе берет. Эс-тутумум начарлап, көп нерсени унута баштадым. Жакшы уктай албай, түшүм бузулду. Кан басымым бирде ылдый, бирде көтөрүлүп жатты. Ашказаным дагы ооруду, бул өнөкөт гастриттин себеби болушу керек.
Бейтап №4 (анонимдүү)

Ооруган адам бизге өзү айткан жок, аялынын айтып берүүсү менен баяндайбыз: "Ал көп учурда спирт ичимдигин ичип жүрчү. Карантинде эле башталган. Ачуусу чукул болуп, туталанып кетчү. Аны мынчалык ичкен абалда көргөн эмесмин. Ал акыркы үч айда тынбай ичип калды. Орточо 4-5 күнгө созулуп, көзүн ачпай ичти. Кийин араң өзүнө келчү. Силер аны айыктырасыңар деп ишенем, үмүт кылам".
Биз жакынкы убакта мына ушундай кесепеттер менен күрөшөбүз.



Биздин көп жылдык тажрыйбабыздын негизинде коронавирус менен ооруган адамдарга 5 күндүктөн 2 айлыкка чейинки атайын реабилитациялык курсту ачтык. Биз ал тажрыйбаны көз каранды болуп калган абалы оор болгон бейтаптардан топтогонбуз, алардын бир гана эмоциялык-эрктик жана интеллектуалдык чөйрөсү бузулбай, дээрлик бардык органдары жана системдери терең жабыр тартат. Курска дем алуунун универсалдуу техникасы кирет, ал өпкө, жүрөк, бөйрөк жана башка органдардын патологиялык очокторун жойбостон, аң-сезимди кеңейтет, психикалык абалын тынчтандырат жана уйкуну калыбына келтирет. Биз плазмаферез ыкмасы менен канды тазалап, гипербардык кычкылдоо, ийне саюу, укалоо, дарылоо процедуралары, терренкур жана жалпы профилактикалык дарылоону колдонобуз.

Карантинде ичип кеткен бейтаптарга атайын бөлүм уюштурдум. Анда жогорку класстагы нарколог жана психиатрлардан турган медициналык борбордун туруктуу бригадасы кайрадан 5 айдан кийинки узак карантинден кийин иштеп баштайт.

Биз азыр оңой учурда жашап жаткан жокпуз, мындан кийин дагы пандемиянын илеби көп жылдарга созулат. Бул жаңырыкты азайтуу биздин негизги жалпы максат.
Ден соолукта болуңуздар!
Байланыш телефондору:
+996 775 585 009
+996 775 582 563

Facebook

Сайт МЦН


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан