Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Бишкек шаардык соту айыпталгандарга Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.
23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча чечим чыгарган.
Анда "коррупция" беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле ага карата үй-мүлкүн конфискацияга алуу, мамлекеттик бардык наамдарынан жана сыйлыктарынан ажыратуу боюнча чечим чыккан.
Окуянын чоо-жайы:
Мындан 7 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.
2019-жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.