Батукаевдин иши боюнча 11 жылга соттолгон Алмазбек Атамбаевдин конфискацияга алынган мүлктөрүнүн тизмеси

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесс аягына чыгып жатат. Анда "коррупция" беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Ошондой эле ага карата үй-мүлкүн конфискацияга алуу, мамлекеттик бардык наамдарынан жана сыйлыктарынан ажыратуу боюнча чечим чыкты.

Төмөндө Атамбаевдин конфискацияга алынган мүлктөрү:

- Тойота-Лэндкрузер, 2000-жылы чыккан,
- Мицубиси-Пэджеро, 1997-жылы чыккан,
- Тойота-Лэндкрузер, 1998-жылы чыккан,
- МАН, 1993-жылы чыккан,
- БМВ-Х53, 2001-жылы чыккан,
- Аламүдүн району, Кой-Таш айылындагы жер тилкеси,
- Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ойдогу жер тилкеси,
- Аламүдүн району, Арашан айылындагы жайыт,
- Аламүдүн району, Арашан айылындагы жер тилкеси,
- Аламүдүн району, Кой-Таш айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр,

- Аламүдүн району, Кой-Таш айылындагы жер тилкеси,

- Аламүдүн району, Кой-Таш айылындагы ден соолукту чыңдоо борбору,

- Аламүдүн району, Арашан айылындагы турак үй,

- Аламүдүн району, Арашан айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр,

- Аламүдүн району, Арашан айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр,

- "Медиа Форум" ААКсы,

- Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсүндөгү жер тилкеси,

- Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсүндөгү жер тилкеси,
- Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсүндөгү имарат,

- "Форум" илимий-өндүрүштүк фирмасы,

- Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаарындагы курорттук зонадагы курулушу бүтө элек объект,
- Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаарындагы курорттук зонадагы курулушу бүтө элек объект,
- Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаарындагы курорттук зонадагы курулушу бүтө элек объект,

- "Апрель-ТВ" ЖЧКсы,

- "Апрель" ЖЧКсы,

- "Канал Б" телерадиокомпаниясынын редакциясы" ЖЧКсы,

- "Кыргызавтомаш корпорациясы" ишкерлер ассоциациясы" юридикалык жактардын биримдиги.

Төмөндөгү коммерциялык банктардагы баалуу кагаздары, акциялары, банк ячейкалары, эсептери да конфискацияга алуу чечими чыкты:

-«Кыргызстан коммерциялык банкы»;

- «Оптима Банк»;

- «Кыргыз-Швейцария Банкы»;

- «Капитал Банк»;

- «АМАНБАНК»;

- «Толубай»;

- «РСК Банк»;

- «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»;

- «БТА Банк»;

- «Дос-Кредобанк»;

- «ЭкоИсламикБанк»;

- «Евразия аманат Банк»;

- «Банк Азии»;

- «БАКАЙ БАНК»;

- «Халык Банк Кыргызстан»;

- Пакистандын Улуттук Банкынын Бишкектеги филиалы,

- «Кыргыз Инвестициялык кредиттик Банк»;

- «ФинансКредитБанк»;

- «Айыл Банк»;

- «Росинбанк»;

- Банк «Бай-Түшүм»;

- «ФИНКА Банк»;

- «Чанг Ан Банк»;

- «Банк Компаньон».

Ажыратылган наамдары:

- II даражадагы "Манас" ордени (2011-жылдын ноябрь айында сыйланган);

- "Данакер" ордени (2017-жылдын 27-ноябрында сыйланган);

- "Даңк" медалы (1999-жылы сыйланган);

- энчиленген сааттары.

Батукаевдин иши: Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
nazarmat92
2020-06-23 19:43:17
Президент кезинде ээ болгон мулкторун конфискация кылса мейли,а тиги Медиа форум менен Кыргыз автомаш мурунтан эле Атамбаевдики го.
+20
altyn7776
2020-06-23 20:57:27
nazarmat92, Аларды журналистерге болунгон 50 миллион рубльге алган, бул арам тамак!
+3
Aimani
2020-06-23 22:50:56
nazarmat92,ошо Арашандагы атасынын үйү, жери чөбү менен. Ушул уят да. Соке кичине болсо да адамкерчилик болуш керек да
0
sirenaaaaa
2020-06-24 11:07:28
nazarmat92,эмне Атамбаев силерге бир пайдалуу нерсе кылып бергенсип болушасынар. Батукаевди оорулуу деп эптеп олкодон чыгаруу учун коооп акча жеген. Эмне ал акчаларды озуно каттатып койду дейсинби. Аялына, баласына кылып болуп салган, чет мамлекеттин банктарына которуп, ошол жактардан да муля алып койгон.
+2
aza84
2020-06-23 20:02:18
Бети накта жок экен Сокенин өзүнүн башына келер ушунча жылда эмнени кыйратын а Атамбаев сен каматсанда тарыхта калат 2 3 эле мисалын айтып коеюн Камбар ата Ысык-Көл Ош жолу Бишкек Кара балта жолу ж.б а сен ошол кездеги проектилердин лентасын эле кезесин канча карыз болсо дагы көрүнүктүү иштерди кылып кети аны эл унутпайт
+11
Asman779
2020-06-23 20:03:22
Атамбаевке абдан эле оор болду, мындай болуп оз башынан отоорун 3 жыл мурун тушуно да кирбесе керек. Мындайча айтканда болгон жашоосу жок болуп калды да. Жанагы Жумалиевдин байлыктарын да мамлекетке откорсо калыстык болот.
+20
kanybek1986
2020-06-23 20:14:16
Авто машиналары баары эскиго
+13
basyz-kaman
2020-06-23 20:29:10
Убагында катуу көпкөн Бакиевдер дагы Батукаевди чыгарууга даай алышкан эмес. Атамбаев болсо чыгарып жиберди баардык нерсенин чеги болот ошол чектен чыгып кеткен эле Атамбаев...
+1
aybek88
2020-06-23 20:34:31
Раимди дагы камагыла аныкы мындан эки эсе коп Дубайдагы мегаполистери 35 млн долларга алган
+16
altyn7776
2020-06-23 20:55:51
Арам дуйно ушинтип кайтарылат. Аллах баарын орду-ордуна себеби менен коет. Горуно алып кете тургансып миилиондогон доллар байлык жыйнаган Атамбаев акыры турмодо чирий турган болуптур. Байлыгы кузгундарга жем болуп, озун Кудай сезген адам оз ордун тааптыр!
-1
Sakura715
2020-06-23 22:04:49
Атамбаев мыкты президент боюнча кала берет!
-9
Petrovka
2020-06-23 22:14:01
Sakura715,койчу ай
+1
TalaCSKA
2020-06-23 22:29:58
Атамбаев эркек экен качкан жок!!! силер мактаган Бакиев качтыго катын сымал.Соке оз ыктыяры менен бербейт бийликти обязательно тонкоруш болот ошондо коробуз качат экенби же жокбу?менин ойумча качат куда сооктору тууган тушкандары менен чогу.негизи эле Атамбаевтин чыныгы окружениеси бут эркек экен качышкан жок! Азыркы бийликти колдогондор эмне сокур болуп калдынарбы?ушул Сокенин кылмыштуу тобун колдоп силер да куноого батып жатасынар!
+1
AksyKum
2020-06-24 00:20:05
TalaCSKA,Акаевин эле журот Кыргызсатанда
-2
erlan2196
2020-06-23 23:29:54
Эч ким Сокенин бийликте турушун каалаган эмес. Бир гана Атамбаев которюп кеткен жылынач Сооронбайды. Сооронбай Жыланач эле киши болчу.
+1
aydinnur
2020-06-24 00:07:53
Зоотехник кайда качаар экен бул кетиште..Атамбаевдин кочосундо да майрам болот!
-4
Shef87
2020-06-24 00:25:09
Пай паай ошончо мүлтү төбөсү менен жер казса да табалмак эмес ак эмгек менен
+5
anandi
2020-06-24 01:02:00
байкуш АТамбаев чыныгы президент
-8
Fanatic
2020-06-24 02:07:20
Охооо бирок 11 был бул отоо аз менимче минимум 20 был берсе болмоккен
+1
TIMON_BERKOWITZ
2020-06-24 07:46:36
Соке 2017 жылы Данакер менен сыйлап жатып ичинен билген болсо керек? 2-3 жылдан кийин алып коебуз деп
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан