Эрк Орозбаев: "Таш-Көмүрдүн тургундары шаардын муктаждыгы үчүн портативдик рентген-аппаратын сатып беришти"

Таш-Көмүрдүн тургундары шаардын муктаждыгы үчүн портативдик рентген-аппаратын сатып беришти. Бул тууралуу маалыматты социалдык тармактарда шаардын активисттеринин бири Эрк Орозбаев маалымдады. Анын маалыматы боюнча, шаардын көңүл кош карабаган тургундарынын аркасы менен аталган аппарат сатып алынды:

"Бүгүн Таш-Көмүр шаарынын, Кызыл-Жар 12, Кудук-Сай, Шамалды-Сай жана Кызыл-Алма айылдарындагы кайрымдуу тургундарынын жардамы менен Таш-Көмүр шаарынын аймактык ооруканасына портативдик рентген-аппаратын тапшырдык.

Мындан ары эми оорулардын баштапкы стадиясында диагноз коюуга, коронавирус сыяктуу илдеттер менен күрөшүүгө жана анын симптомдорун аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк туулду. Аталган өтө керектүү аппарат шаар тургундарынын каражатына сатып алынды. Аны чогултууга жалпы аялдар, эркектер, жашы улгайгандар жана жаштар катышып, шаардын муктаждыгы үчүн портативдик рентген-аппаратын алып беришти".


Жалпы суммасы 4,5 миң долларды түзгөн аппарат тургундар тарабынан Кытайдан сатып алып келинди. Таш-Көмүр шаарынын аймактык ооруканасынын башкы врачы Алмаз Мырзасапаровго тапшырып берилди. Иш-чарага "Садага биримдиги" коомдук кыймылынын өкүлдөрү жана "Северная" айылдык башкармалыктын башчысы катышты.

Акча каражаты жашоочулардын өз эрки менен чогултулду. Аны чогултууга шаардын, райондук башкармалыктын активдүү жарандары жана жаштары катышты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
airada
2020-08-17 17:21:20
Молодцы. Мен иштеген больница эле
0
Raihan0602
2020-08-18 12:21:31
Алмаз эми ушул аппаратты Т-Көмүрдүн жашоочулары бекер колдонушат деп ишенебиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан