Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызмат Эл аралык "Манас" аба майданынын Ош шаардык филиалынын директоруна карата кылмыш ишин козгоду

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын Ош жана Баткен облустук Башкармалыгы “Эл аралык Манас аба майданынын” (“ЭМА” ААКсы) Ош шаардык филиалынын директору А.Токуровго карата кылмыш ишин козгоду. Атайын текшерүүдө А.Токуров 2011-жылдын 26-октябрында “ЭМА” ААКсынын директорунун орун басары болуп дайындалып, билимин тастыктоочу документ катары Казакстандын Билим берүү министрлиги тарабынан Жарандык авиация академиясынын 2004-жылдын 8-июнунда №91-болуп катталып берилген №0475007 сериялуу дипломун тапшырган. Бирок аталган окуу жайдын ректору кат жүзүндө аталган сериядагы диплом башка адистик менен башка адамга берилгенин маалымдаган. Натыйжада, айыпталуучунун казак окуу жайына окууга тапшыргандыгы, бирок окууга барбай жүргөндүгүнө байланыштуу окуудан айдалгандыгы жана эч кандай диплом албагандыгы такталды. Айта кетсек, А.Токуров жарандык авиация системинде 10 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенип келет. Анын ичинде 2 жыл жасалма диплом менен жетектөөчү кызматтарды аркалап келгени билинди. Ошентип, жогорудагы мыйзамга жатпаган аракеттерден улам мамлекетке зыян келтирилди деп табылып, А.Токуровго КРнын Кылмыш кодексинин 350-беренеси (жасалма документтерди пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан