«Кумтөр» компаниясы Жети-Өгүз районунда үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча долбоорду колдоду

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК («Кумтөр») региондор менен кызматташуу программасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча «Регионду өнүктүрүү агенттиги» коомдук фондунун долбоорун ишке ашырууну колдоду. Долбоордун бюджети 5 миллион сомду түзөт.

Долбоор райондук үрөнчүлүк базаны түзүүгө, аймактын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана жергиликтүү фермерлерге көмөк көрсөтүүгө багытталган. Ошондой эле бул долбоор «Жети-Өгүз» микрокредиттик агенттиги тарабынан кошо колдоого алынат. Ага ылайык, эгин эккен фермерлер үрөн алуудан тышкары «Дыйкан» кредиттик продукттун алкагында жер семирткичтерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды жана башка үстөк пайызы аз насыя менен ала алат. Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда, ошондой эле Балыкчы шаарында «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен өз учурунда аймактын элин финансылык каражаттарга жетүү шарттарын жакшыртуу үчүн микрокредиттик агенттиктер түзүлгөнүн белгилей кетмекчибиз.

2020-жылдын 11-сентябрында Жети-Өгүз районуна 170 тонна жогорку сапаттуу буудай үрөнүн алып келишкен. Жүктү кабыл алуу боюнча салтанаттуу иш-чарага Жети-Өгүз районунун жетекчилиги, райондун айыл өкмөт башчылары, айыл чарба департаментинин жана микрокредиттик уюмдардын өкүлдөрү катышты. Долбоордун презентациясы менен «Кумтөр» компаниясынын өкүлү Кеңешбек Дуйшембиев чыгып сүйлөп, каржылоонун кошумча жол-жоболоруна карата суроолорго «Жети-Өгүз» микрокредиттик агенттигинин өкүлү Талант Жапаров жооп берди. Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Мурат Раматов жана айылдык округдардын башчылары «Кумтөр» компаниясына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Жакынкы күндөрү Жети-Өгүз районунун фермерлеринин арасында буудай үрөнүн бөлүштүрүү башталат. Долбоордун күтүлгөн натыйжалары – бул буудай эгүү аянтын болжол менен 600-700 гектар жерге кеңейтүү, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана дыйкандар үчүн кирешенин кошумча булагы. Андан тышкары эгер фермерлер бөлүнгөн үрөндөрдү туура пайдаланышса жана бардык агротехнологиялык талаптарды сакташса, алар өздөрүн кийинки жылга үрөн менен камсыздай алат.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы «Кумтөр» кенин өздөштүргөн учурдан тартып социалдык жоопкерчиликтүү бизнес принциптерин карманып, анын ичинде фермердик чарбаларды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтүү, жумуш орундарын жана кирешенин жаңы булактарын түзүү аркылуу региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүп келүүдө.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан