"Шайлоого 100 чакырым басып келип катыштык". Франкфурт-на-Майне шаарында шайлоо кандай өттү? Мекендешибиз айтып берет

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо өттү. Өлкө боюнча жалпы 2 миң 475 шайлоо участкалары ачылган. Мындан тышкары 28 мамлекетте 44 шайлоо участкасы түзүлгөн.

Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында жашап жаткан мекендешибиз Калыгул Жунушбеков SUPER.KG порталына ал жакта шайлоо кандай өткөнү тууралуу айтып берди.

"4-октябрда биз дагы жарандык милдетибизди аткарып шайлоого катыштык. Ал үчүн 100 чакырым жолду басып келдик. Майндагы Франкфурт шаарында болуп өткөн №9030чу шайлоо участкасында эч кандай мыйзам бузууну коргон жокмун. Комиссиянын курамына абдан ишенимдүү жана адилеттүү адамдар тандалыптыр. Кыргыз өлкөсүндөгү шайлоого дагы көз салып турдук. Көптөгөн мыйзам бузууларды көрүп жаныбыз кашайды. Шайлоодон кийин мекендештер болуп чогулуп, футбол ойнодук. Алардын жүзүнөн дагы нааразычылыкты көрүп турдук. Бул жактагы консулдук берген маалыматка ылайык, катталган 1 миң 022 шайлоочунун ичинен 77си гана шайлоого катышты", - деди Калыгул Жунушбеков.

Мындан тышкары Германиядагы дагы бир мекендешибиз Касиет Асекова шайлоого катышканын, Кыргыз өлкөсүндөгү баш аламандыкты көрүп көңүлү ооруп калганын социалдык тармактагы баракчасында жазып чыккан.

"Мен дагы бүгүн жарандык милдетимди аткарып, шайлоого барып келдим. Бирок эртеден бери интернеттен Кыргыз мамлекетиндеги элдин баш аламандыгын, паракорлорду, уруш-талашты көрүп көңүлүң ооруйт. Эмнеси болсо дагы элиме жакшылык, жерибизге тынчтык берсин", - деген ал.

кошулду
Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарындагы шайлоо участкасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2020-10-05 11:16:50
Дастанды Жумабеков отту. Франкфурт жана Маяне деп журуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан