"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова шайлоодо добуш бере албай калды
Ал Ош облусундагы мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында аталган аймакка жөнөгөнүн билдирди. Кийинчерээк №5271 шайлоо участкасында ал депутаттыкка талапкер экенин айтканына карабай, аны шайлоого катыштырбай, чыгарып салышкан.
Байкоочу: "Шайлоо участкаларына орнотулган пандустар колдонууга ыңгайсыз"
Бишкектеги шайлоо участкаларынын 79 пайызына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустар орнотулган. Бирок пандустар колдонууга ыңгайсыз экенин №1327 шайлоо тилкесиндеги байкоочу айтып берди.
Паспортун берип, акча алып жаткан кыздын видеосу тарады
Автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала алынган маалыматтар боюнча "Мекеним Кыргызстан" партиясы алдыда
Окурман шайлоонун бүтүшүнө жарым саат калганда аппарат иштебей калганын айтат
Чет элдеги мекендеш: "Швейцарияда добуш берүү үчүн 184 Кыргыз жараны катталган"
Швейцариянын Женева шаарында үй-бүлөсү менен эмгектенип, жашап жүргөн мекендешибиз Жеңишбек Эдигеев аталган өлкөдө шайлоо кандай өткөндүгү тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун алгачкы алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырды
Саясатчы Өмүрбек Текебаев шайлоо учурунда бюллетенди сүрөткө тарткан деген маалымат тараган
Москвадагы мекендештер шайлоого активдүү катышты
Москва шаарында жашаган Кыргыз жарандары быйылкы шайлоодо өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүп жатышканын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Акылбек Эшимов айтып берди.
"Кара-Кулжадагы шайлоо участкасындагы шайлоочулардын баары "Биримдикке" добуш берди" деген сүрөт тарады
Кара-Кулжа районунун жыйынтыктоочу отчётунун дүмүрчөктөрү социалдык тармактарга тарады. Анда Кара-Кулжа районундагы №5011 шайлоо участкасындагы эл бир гана "Биримдик" партиясына добуш беришкен. Интернетке тараган дүмүрчөктө калган партиялар эч кандай добуш албаганы көрүнөт.
БШК: "Шайлоо фондуна жалпы 668 миллион 864 миң 906 сом каражат түштү"
Шайлоо убагында партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине 668 миллион 864 миң 906 сом каражат түшкөн. Ага ылайык, шайлоо мезгилинде саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине 668 864 906 сом которулуп, 668 582 779 сом сарпталганы маалымдалат.
Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептериндеги акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат менен таанышуу үчүн бул шилтемеге өтүңүз.
Шайлоонун алгачкы алдын ала жыйынтыктары айтылды
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова саат 23:30га карата шайлоонун алгачкы алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырды.
Жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси бар, 2 миң 412 тилкесинен маалымат келди. Шайлоого 1 миллион 965 миң 211 жаран добуш берди. Кайсы партияга канча шайлоочу добуш берди? Алдын ала жыйынтыкты бул шилтемеден окуй аласыз.