Шайлоо участкаларында дене табы жогору болгон шайлоочулар катталган жок

Бүгүн, 4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүндө шайлоо участкаларында дене табы жогору болгон шайлоочулар катталган жок. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов брифингде билдирди.

"Шайлоого карата иштелип чыккан алгоритмдин негизинде дене табы жогору болгон шайлоочулар башка адамдарга коркунучсуз добуш бере ала тургандай шарт көрсөтүлгөн. Азыр бизде дене табы жогору болуп добуш берген фактылар жок деген расмий маалымат бар”, - деди Бекматов.

Өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Акыркы маалыматтар боюнча, 2 миң 475 шайлоо тилкесинин ичинен 2 миң 337 тилкесинен маалымат келди. Шайлоого 1 миллион 893 миң 637 жаран добуш берди. Көрсөткүч улам өзгөрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан