Шайлоо убагында партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине 668 миллион 864 миң 906 сом каражат түшкөн. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Ага ылайык, шайлоо мезгилинде саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине 668 миллион 864 миң 906 сом которулуп, 668 миллион 582 миң 779 сом сарпталганы маалымдалат.
Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептериндеги акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат 03.10.2020-жыл (миллион сом).
№ |
Саясий партиянын аталышы |
Келип түштү |
Чыгымдалды |
1 |
«Биримдик» («Единство») демократиялык партиясы |
104,664 |
104,664 |
2 |
«Мекенчил» |
19,565 |
19,565 |
3 |
«Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы |
8,192 |
8,192 |
4 |
«Мекеним Кыргызстан» |
142,522 |
142,503 |
5 |
«Реформа» |
7,900 |
7,890 |
6 |
«Ата Мекен» социалисттик партиясы |
52,833 |
52,833 |
7 |
«Замандаш» |
41,708 |
41,708 |
8 |
«Бүтүн Кыргызстан» |
9,487 |
9,487 |
9 |
«Социал-Демократтар» |
16,405 |
16,404 |
10 |
«Мекен Ынтымагы» |
7,493 |
7,493 |
11 |
«Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» |
10,788 |
10,788 |
12 |
«Ордо» |
14,430 |
14,430 |
13 |
«Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы» |
50,324 |
50,324 |
14 |
«Республика» |
51,848 |
51,848 |
15 |
«Кыргызстан» |
123,919 |
123,666 |
16 |
«Чоң казат» |
6,789 |
6,789 |
БАРДЫГЫ, млн.сом: |
668,865 |
668,583 |
Саясий партиялардын 2020-жылдын 3-октябрындагы финансылык отчётуна ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна жалпы суммасы 547 миллион 73 миң сом акча каражаты келип түшкөн, анын 542 миллион 51 миң сому мыйзамдарда белгиленген тартипте алынган.
Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн саясий партиялардын шайлоо фондунан 521 миллион 794 миң сом сарпталды, анын 80 миллион сому (15,3%) шайлоо күрөөсүн төлөө үчүн төлөндү. Акчанын көпчүлүк бөлүгүн саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерине сарпташты - 384 миллион 839 миң сом (73,7%), анын ичинен телерадиоберүү уюмдары аркылуу үгүт жүргүзүүгө - 150 миллион 81 миң сом (28,8%); мезгилдүү басылмалардын жана интернет-басылмалары аркылуу үгүт жүргүзгөндүгү үчүн - 108 миллион 861 миң сом (20,9%).
Саясий партиялардын шайлоо фонддорунан пайдаланылбаган каражаттардын калдыгы 21 миллион 303 миң сомду түздү.