Бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Саат 20:00дө өлкөдөгү шайлоо участкаларында добуш берүү токтотулду. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун алгачкы алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырууда.
Жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси бар, 2 миң 393 тилкесинен маалымат келди. Шайлоого 1 миллион 945 миң 196 жаран добуш берди. Көрсөткүч улам өзгөрүүдө.
№1 "Биримдик" 24,54%
№2 "Мекенчил" 6,84%
№3 "Ыйман Нуру" 3,36%
№4 "Мекеним Кыргызстан" 23,91%
№5 "Реформа" 1,63%
№6 "Ата Мекен" 4,02%
№7 "Замандаш" 2,15%
№8 "Бүтүн Кыргызстан" 7,01%
№9 "Социал-Демократ" 2,11%
№10 "Мекен Ынтымагы" 0,63%
№11 "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" 0,17%
№12 "Ордо" 0,22%
№13 "Бир Бол" 3,02%
№14 "Республика" 5,81%
№15 "Кыргызстан" 8,76%
№16 "Чоң Казат" 2,32%
№17 Баарына каршы 1,79%